http://www.ktrk.kg/“Ашкабак базарында” ашкабак бышты

“Ашкабак базарында” ашкабак бышты

25 Сент , 10:52 145

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ак төөнүн карды жарылган учур. Ошто ашкабак саткандардын соодасы да кызып турган чак. Азык гана эмес, ден соолукка пайдалуу жашылчаны Орусия, Казакстандан атайын издеп келип, сатып алып кеткендер арбын.

Ашкабактын мекени катары - Оштун Отуз-Адыр айылы таанылган. Айыл Ош - Бишкек унаа жолунда жайгашкандыктан, дыйкандар өнүмүн жол жээгине алып чыгып сатышат. Ашкабак бышкандан, же сентябрдан тартып айылдын кадыры артып, аралап өткөндөрдүн агымы калыңдайт. Эл арасында, айыл “ашкабак базары” деп аталат.

Отуз - Адырлык Мырза Казаков, ашкабак өстүрүүнүн сырын мыкты өздөштүргөндөрдөн. 30 жылдык дыйканчылыгынын акыркы 10 жылынан бери денсоолугуна байланыштуу, жашылчаны дыйкандардан сатып алат. Элеттик тургун, дал ушундай бешене тердин арты менен уул-кызына татыктуу тарбия берип, жашоо-шартын оңдоп жатканын айтат.

27 жаштагы Өмүрбек ашкабак бизнесине 3 жылдан бери аралаша баштады. 30 сотык үлүш жеринен өткөн жылы 50 миң сомдон ашуун таза киреше тапкан. Жаш дыйкандын пикиринде, түшүмдүн мол болуусу аба ырайы менен сугат суудан көз каранды.

Өңчөй ашкабак гана сатылат деген бул жайдан жашылчанын башка түрлөрүн да табууга болот. Ашкабак базарынын көпчүлүктү тарткан артыкчылыгы катары жашылчанын таразасыз сатылгандыгында. Мында ашкабак көз өлчөм аркылуу бааланат.

Сатып алууну каалагандар, бул жагы Өзгөн, Кара-Кулжа, Жалал-Абаддан, экинчи тарабы коңшу Баткен облусунун аймактарынан келишет. Жашылча азык гана болбостон, адамдын ден соолугуна пайдалуу дарылык касиетке ээ. Курамындагы заттар организмге керектелүүчү табигый заттарга бай делинип келет.

Быйыл ашкабак жылдагыдан 15, 20 сомго кымбат же, көлөмүнө жараша 30 сомдон 100 сомго чейин сатылууда.

Новости по дате