http://www.ktrk.kg/“Журналисттердин аллеясында” көчөттөр отургузулду

“Журналисттердин аллеясында” көчөттөр отургузулду

3 Май 2016 , 8:05 790

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн 3-май Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүндө “Журналисттер” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган “Журналисттердин аллеясында” көчөттөр отургузулду.  

Аталган иш-чарага “Журналисттер” союзунун мүчөлөрү, ЖМКлардын өкүлдөрү жана журналистикага жаңыдан кадам таштап жаткан жаш журналисттер катышты.

Бул жышаан Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата ЮНЕСКОнун Алматыдагы Бюросунун колдоосу менен уюштурулган.

Белгилей кетсек, журналисттер аллеясында жыл сайын 3-майда ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет. Улуу муундагы жана жаш журналисттердин башын бириктирген бул аллея учурдагы маселелер, маалыматтар менен пикир алмашууда талкулоо аянтчасына айланган.



Новости по дате