http://www.ktrk.kg/Спортчу Денис Петрашов Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду

Спортчу Денис Петрашов Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду

26 Сент , 9:37 37

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов сууда сүзүүнүн барсс түрү боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул туурасында мелдештин расмий сайтында жазылды. Чемионат 24-сентябрда Индиянын Бангалор шаарында башталган. 

Белгилей кетсек, Денис Петрашов 2020-жылы Токио шаарында өтө турчу Олимп оюндарына Кыргызстандык спортчулар арасында биринчи болуп лицензия алган. Олимпиадага спортчуда жалпысынан эки лицензия бар.

Буга чейин дүйнө чемпионатында Олимп оюндарына лицензияны грек-рим күрөшү боюнча атамекендик балбан Атабек Азисбеков алган. Ошондой эле жөө күлүк Юлия Андреева лицензияга ээ болгон. Олимп оюндарына Айсулуу Тыныбекованын жолдомосу менен азырынча Кыргызстанда жалпы 5 лицензия бар.


Новости по дате