http://www.ktrk.kg/Коррупциядан түшкөн акча каражаты мектептерди оңдоого жумшалат

Коррупциядан түшкөн акча каражаты мектептерди оңдоого жумшалат

26 Сент , 13:39 111

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуусунда, коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаты эми аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого жумшала турганын айтты. Ал Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылганын, бул акча каражатынын эсебинен Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 7, Ош шаарында бир - окуучулар батпай жаткан жалпы 15 мектепке кошумча корпустарды куруу иштери башталганын эске салды.

“Ички миграциянын айынан Чүйдө жана Бишкекте калктын көбөйүшүнөн улам мектептер жетишпей, ушундай чечим чыккан. Эми Бирдиктүү депозиттик эсептин акча каражаттарын республиканын аймактарындагы авариялык абалдагы мектептерди оңдоп-түзөөгө, жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды курууга жумшалат”, - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 

Мамлекет башчысы эске салгандай, республика боюнча бардыгы болуп 198 мектеп авариялык абалда. Анын ичинен Ысык-Көл облусунда 24 мектеп, Жети-Өгүз районунда 4 авариялык абалдагы мектеп бар. Быйыл облус боюнча 6 авариялык мектептерде курулуш иштери башталат, октябрь айында Жети-Өгүз районунун Дархан айылына мектеп курула баштайт. Ысык-Көл облусунун калган 18 авариялык мектептеринде дагы курулуш иштери жүргүзүлөт.


Новости по дате