http://www.ktrk.kg/Бишкектеги №5 Улуттук компьютердик гимназияга жаңы китептер тапшырылды

Бишкектеги №5 Улуттук компьютердик гимназияга жаңы китептер тапшырылды

26 Сент , 15:09 21

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

POST1RIGHT

Өлкөнүн 900 мектебинин башталгыч класстарынын окуучулары 385 миңге жакын кыргыз жана орус тилдериндеги китеп менен камсыз болду. Бишкектеги №5 Улуттук компьютердик гимназиясында ЮСАИД уюмунун өкүлдөрү китептерди билим Берүү жана илим министрлигине өткөрүп берди. Бул жомоктор, аңгемелер, ырлар жана математикалык ой жүгүртүүгө багытталган аңгемелерден турган элүү беш түрлүү китептер.
“Келгиле окуйбуз” долбоорунун алкагында Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте биз тарабынан башталгыч класстар үчүн 500 миң китеп басылып чыгарылып, таратылды. Келерки жылдын аягына чейин Кыргызстандагы мектептерге дагы 500 миң китепти берели деп турабыз. Андан сырткары, биздин уюм жаңы усулдук ыкмаларды колдонуу менен иштөө максатында башталгыч класстардын мугалимдерин окутууну уюштурду”,- деди USAID уюмунун Кыргызстандагы миссиясынын директору Гэри Линден.

Новости по дате