http://www.ktrk.kg/Кой-Таштагы кырдаалды иликтөө боюнча комиссия айылдыктар менен жолугушту

Кой-Таштагы кырдаалды иликтөө боюнча комиссия айылдыктар менен жолугушту

27 Сент , 12:11 37

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамкомиссия Чүй облусунун бир катар айылдарынын жашоочулары менен жолугушту. Комиссиянын көчмө жыйыны Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын имаратында өттү.

Ага Аламүдүн районунун Кой-Таш жана башка жакынкы айылдарынын 50дөй тургуну катышты. Жолугушуунун катышуучулары 7-8-августта болуп өткөн окуялар тууралуу айтып беришип, бир катар суроолорду узатышты. Мамкомиссиянын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыбек Райымкулов жашоочулар тарабынан айтылган тынчсызданууларды түшүнө турганын белгиледи. 

Мамкомиссия бул окуянын жагдайларын аныктоо максатында бардык кызыкдар тараптарды угуп жатат. Комиссия объективдүү иштөөдө, тийиштүү корутунду дагы берилет, - деди эл өкүлү.

Комиссиянын кийинки жыйыны 1-октябрда өтөт. Анда Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы угулат.

Новости по дате