http://www.ktrk.kg/Тартип бузган кыздар жоопко тартылат

Тартип бузган кыздар жоопко тартылат

3 Май 2016 , 11:15 5074

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин кафелеринин биринде ичкилик ичип алып, бири бири менен мушташкан кыздардын жоругу социалдык тармактарда талкууга алынууда. 30-апрель күнү кечки 11 чамасында болгон окуяны Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тергеп жатат.  Дегеле акыркы учурда жаш кыздар тарабынан коомдук тартипти бузуу каттала баштаган көйгөйгө коомчулукту терең кароого чакырык таштады дешет социологдор. 

Патрулдук милиция башкармалыгы коомдук тартипти көзөмөлдөөдө, бейбаштык кылгандарды көп эле кармайт. Бирок жаш кыздардын мындай кадамдарга барып жатканына, милиция кызматкерлери тартип сакчысы эмес, жөнөкөй жаран катары да ойлондурганын жашырышпайт.
Мас болгон кыздардын чырлуу окуясы Бишкекте биринчи жолу болуп жаткан жок. Интернет желелеринде мындай маалыматтар толтура. Бул өз кезегинде кыргыз аял затынын кадыр баркына доо кетирип, илгертеден калган баалулуктардын жойулуп бара жатканынан кабар берди. Социологдор мындай туура эмес көрүнүштөргө социалдык чечилбеген көйгөйлөр, ажырашуулар жана таалим тарбиянын начардыгы да себеп болуп жатат деп боолголошот.

Бирок кандай болгон күндө да, кыздардын туура эмес кылык жоруктарын социалдык тармактар аркылуу элге шардана кылуу туура эмес деп эсептейт Топчугул Шайдуллаева. Социологдун айтымында, мындай көрүнүштөргө жалпы коом башка жолдор аркылуу жалпылап бөгөт койушу керек.
 Негизинен коомдук тартипти кыздарга караганда эркектер көп бузаары анык. Бирок кыргыз элинде, кыздардын мушташканы өтөө өөн көрүнүш. Бекеринен кызга кырк үйдөн тыю деп, аял затынын намысы үчүн жалпы журт күрөшкөн эмес. 



Новости по дате