http://www.ktrk.kg/Аламүдүн районундагы пробация органынын кеңсеси жаңыртылды

Аламүдүн районундагы пробация органынын кеңсеси жаңыртылды

28 Сент , 18:29 78

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы пробация органынын кеңсеси толук жаңыртылды. АБУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын колдоосу менен ишке ашып, бир жарым миллион сом сарпталган. Бул органдын имараттарын жаңыртуу дагы кайсы аймактарда жүргүзүлөт?

Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин Чүй облусундагы Аламүдүн районундагы кеңсеси капиталдык оңдоодон өттү. Анын ачылышына мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери менен Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү катышты.

Алтынай Буланова 20 жылдан бери соттолгон жарандарды социалдаштырып, коомго аралаштыруу тармагында эмгектенип келет. Эскилиги жеткен имаратта иштөө бир топ оор болгонун айткан ал, азыркы кеңсенин жаңыртылып, бардык шарттар түзүлгөнүн көрүп кубанып жатканын жашырган жок.

БУУнун өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашып жаткан Пробация органдарын жаңыртуу планы Бишкек, Ош жана Баткен облустарында уланат. Максаты - кызматкерлерге шарт түзүү жана натыйжалуу иш алып баруусун камсыздоо.

Пробация органдары кылмышка барып кийин жүрүм-турумун оңдоп, мыйзамга баш ийгендерди оң жолго түшүүсүнө дагы бир мүмкүнчүлүк берет.Тагыраагы пробация органдары соттолгон жарандарды коомго аралаштырып, социалдаштырууну көздөйт. Соттолгондор менен психологдор, социалдык кызматкерлер, педагогдор иш алып барат.



Новости по дате