http://www.ktrk.kg/Бүгүн бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү

Бүгүн бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү

3 Май 2016 , 12:11 1543

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул дата майрам катары Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1993-жылы бекитилген. Эл аралык уюмдардын баамында Кыргызстанда сөз эркиндиги коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бир топ жогору. Жергиликтүү талдоочулардын көпчүлүгү да өлкөдө журналисттердин ишмердүүлүгүнө чектөө жок экенин белгилешет.

Басма сөз эркиндигине саресеп салган эл аралык уюмдардын жарыялаган рейтингдеринде Кыргызстан соңку жылдары Борбор Азия мамлекеттеринин арасында алдыңкы саптан түшө элек. Өлкөнүн өзүнүн ичинде талдоочулар бүгүнкү абалга түрдүү баа беришет. Эл аралык уюмдардын чыгарган жогорудагыдай корутундуларына көпчүлүктүн пикири төп келет. Бирок, сөз эркиндиги жетишээрлик өнүкпөгөнүн айткандар да бар. “Жалган маалымат таратууга каршы” кабыл алынган мыйзамдын негизинде журналисттердин айып пулга жыгылгандарын буга мисал келтиришүүдө. Бирок, ошол эле учурда эркиндикти жоопкерчилик коштоп жүрүшү керек экенин айткандар арбын. КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Абды Сатаров айрым атка минерлер менен журналисттердин соттошууларын эске албаганда Кыргызстанда сөз эркиндиги атайын мыйзамдар менен бекемделгенин белгилейт. Калемгерлер эң оболу жоопкерчиликти сезиши керек деген пикирде.

Белгилүү журналист, медиаустат Султан Жумагулов дүйнөлүк маалымат каражаттарында жарык көрүп жаткан макала, материалдарга талдоо жүргүзүп, сөз эркиндигин өз алдынча иликтеп келген ишмер. Ал Эл аралык уюмдар Кыргызстандагы абалга обьективдүү баа берди деп эсептейт. Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда бийлик өкүлдөрү да журналисттер үчүн ачык экенин айтат. Ал эми басма сөздөгү толук эркиндик акырындык менен калыптанат деген пикирде.

Басма сөз эркиндиги боюнча соңку рейтингди “Чек арасыз кабарчылар” уюму жарыялаган. Анда Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 85-сапка жазылган. Бул өлкө былтыркыдан 3 баскычка жогорулаганын айтып турат. Казакстан 160чы, Өзбекстан 166-орунду ээлесе, уюм  Түркмөнстанды 178-деп белгиледи. Рейтинг эркин талдоочуларды, укук таануучуларды жана журналисттерди сурамжылоонун жыйынтыгы менен түзүлгөн.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"

Новости по дате