http://www.ktrk.kg/Чыңгыз Айдарбеков уран калдыктары маселесин чечүү иштерин күчөтүүгө чакырды

Чыңгыз Айдарбеков уран калдыктары маселесин чечүү иштерин күчөтүүгө чакырды

30 Сент , 14:29 61

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Борбор Азиядагы уран кенин казып алуудагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн эл аралык макулдашылган иш-чараларды күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 74-сессиясынын алкагында, кыргыз тарап демилгелеп өткөргөн уран калдыктарына байланыштуу иш-чарада билдирди. 

Айдарбеков маселени чечүү үчүн кошумча каражаттарды тартуу аракетине көмөк көрсөтүү зарылдыгын билгиледи. Иш-чарада Бириккен Улуттар уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын жетекчилери, анын ичинде Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандын тышкы иштер министрлери сөз сүйлөштү.

Ошондой эле, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Нью-Йоркто Камерун Республикасынын Тышкы иштер министри Мбелла-Мбелла, Мозамбик Республикасынын Тышкы иштер жана кызматташуу министри Жозе Кондугуа Пашеку менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. 

Жолугушуунун алкагында министр Камерун жана Мозамбик мамлекеттери менен дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол койду. Ага ылайык, тараптар эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого, мамлекеттер ортосундагы теңдикти урматтоого жана бекемдөөгө, эл аралык келишимдерди сактоого тийиш. Кол коюу аземинен кийин министрлер мамлекеттер ортосунда, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында достук мамилелерди жана кызматташууну өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.





Новости по дате