http://www.ktrk.kg/“Коопсуз шаар": жол кырсыктары жана эреже бузуулар азайды

“Коопсуз шаар": жол кырсыктары жана эреже бузуулар азайды

30 Сент , 16:51 40

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Коопсуз шаар” долбоору иштегенден бери Бишкек шаарында жол кырсыктары жана жол эрежесин бузуу 50%га ал эми Чүй облусунда 70%га төмөндөдү. Бул көрсөткүчтөр долбоор ийгиликтүү ишке ашып, так натыйжалар бар экенин далилдейт - деди Премьер-министр. 

Ошол эле учурда видео байкоо камералары ар кандай кырсыктардын бетин ачууда да жардамга келүүдө. Жыл аягына чейин долбоордун экинчи баскычы ишке киргизилгени турат. Негизгиси адам өмүрүн сактап, жолдо тартипти орнотууга жетиштик деген Премьер-министр коомдук чоң маанидеги долбоор жүзөгө ашырылганын билдирди. 

Өкмөт башчы жол кырсыктарын азайтып, адам өмүрүн сактоо максатын көздөгөн долбоордун биринчи баскычын жүзөгө ашырууга салым кошкон мекемелердин өкүлдөрүн сыйлады.

Новости по дате