http://www.ktrk.kg/Журналисттер кызматташуу келишимине кол коюшту

Журналисттер кызматташуу келишимине кол коюшту

30 Сент , 16:59 32

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын көз карандысыз журналисттер биримдиги менен Кытай журналисттер ассоциациясы кызматташуу келишимин түздү. Иш-чара Пекинде өткөн “Бир алкак - бир жол 2019” форумунда ишке ашкан. Меморандумга Кыргызстандын көз карандысыз журналисттер биримдигинин төрагасы Азамат Касыбеков менен Кытай журналисттер ассоциациясынын төрагасы Чжан Яньнун кол койду.

Платформа көп мамлекеттердин журналисттери ортосундагы байланыштарды камсыз кылат. Ошондой эле эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы өз ара ишенимдин жана маданий мамилелердин өнүгүшүнө салым кошот” - деди Чжан Яньнун. 

Кошумчалай кетсек, Кытайда өтүп жаткан “Бир алкак - бир жол 2019” форумуна дүйнөнүн 50 мамлекетинен келген 60га жакын биримдиктин жетекчилери катышууда.


Новости по дате