http://www.ktrk.kg/Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча иш Башкы прокуратурага өттү

Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча иш Башкы прокуратурага өттү

1 Окт , 23:44 133

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча иш Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан тергелип бүтүп, материалдар Башкы көзөмөл органына жиберилди. Иш Жазык кодексинин "Коррупция" беренеси менен иликтенди. Кримтөбөлдү түрмөдөн мыйзамсыз бошотуу боюнча 19 адам шектелүүдө.

Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча иш коомчулуктун көңүл чордонунда турат. 2013-жылы оор кылмыштар менен Нарындагы абакка камалган кылмышкер атайын коштоо менен Бишкектин аэропортуна жеткирилип, Чеченстанга учуп кеткен. Кримтөбөлдүн эркиндикке чыгышына ага дарыгерлердин айыккыс дартка чалдыкты, аз күндө ичээр суусу түгөнөт деген корутундусу негиз болгон. Азиз Батукаевдин тез арада бошотулушун эл өкүлдөрү мыйзамсыз деп айтып чыгышкан. 2013-жылы депутаттык комиссия түзүлүп, окуя териштирилген.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна тиешеси бар делген ондогон аткаминердин аты ошол учурда биринчи болуп парламентте айтылган. Депутаттар аларды кызматтан алуу сунушу менен президентке жана өкмөт башчыга кайрылат. Бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Арадан алты жыл өтүп Башкы прокуратура кримтөбөлгө байланыштуу ишти кайра жандатканын жарыялаган. Анын негизинде Ички иштер министрлиги бир нече ай тергөө менен алектенген.

Бул ишке байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Шамил Атаханов, Аида Салянова, Зарылбек Рысалиев өңдүү жоон топ аткаминерлер аты аталган. Алардын саны 19га жетет. Тергөөнүн маалыматына ылайык, алар "коррупция" беренеси жана зордуктоо, курал-жарак жана маң заттарын сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштурууга катыштыгы бар кылмышкер Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна тиешеси бар деп шектелүүдө. 



Новости по дате