http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы кандай?

Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы кандай?

4 Май 2016 , 7:32 1595

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

3-май Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү. Буга байланыштуу эл аралык Freedom House уюму “Дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги -2016” аталыштагы жылдык докладында «басма сөз эркин эмес” өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан 149-орунда тураарын жарыялады. Быйылкы иликтөөгө ылайык, Кыргызстан 149-орунду ээлеп, 2015-жылдагы отчетто ыйгарылган “жарым-жартылай эркин басма сөзү бар” статусунан ажыраган.
 Айрым серепчилердин пикиринде "Фридом Хаус" уюмунун иликтөөсүнүн жыйынтыгы Кыргызстандагы экономикалык жагдайларга байланыштуу болушу мүмкүн. Журналист Кубан Абдымендин баамында, Кыргызстандагы демократия жана басма сөз эркиндигинин деңгээли жыл сайын жакшырууда жана маалымат каражаттарына чектөөлөр деле жок. Эч кимдин артынан сая түшүп, куугунтукка алынган жагдайлар жок. Ошондуктан бул рейтинг Кыргызстандын азыркы учурдагы ээлеген ордун, абалын реалдуу түрдө чагылдырбайт.

Демек, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жаман эмес. Ошол эле учурда кыргыз медиасын сөз эркиндигине доо кетирип, жоопкерчиликти унутуп калды деген сын-пикир такай коштоп жүрөт. Журналист Бакыт Орунбеков, студенттерге тажрыйба бөлүшүүдө, дайым кесипкөйлүктү биринчи орунга коет. Себеби, акыркы учурда медиада такталбаган маалыматтарды жайылтуу көрүнүшү күч алып, басма сөз айдыңында кесиптик деңгээл жана жазуу чеберчиликтин кадыры түшүп кеткен көрүнүштөр орун алып келет.
“Кыргыз журналистикасынын алдында 2 нерсе турат. Бул коомдун алдындагы жоопкерчиликти көтөрүү маселеси. Башка кесиптегилерге караганда журналист өтө жоопкерчиликтүү болушу керек. Экинчиден билимдик кесиптик сапатын жогорулатуу, ушу эки нерсени жолго койсок, анда биздин журналистиканын да деңгээли көтөрүлөт. Сөз эркиндигинин да деңгээли көтөрүлөт” -дейт Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика бөлүмүнүн башчысы Бакыт Орунбеков.

Учурда кичинекей Кыргызстанда гезиттердин саны өтө көп. Бирок кыргыз тилдүү гезиттер менен орус тилдүү басылмалардын иш алпаруусу эки башка өлкөдөй деп сыппаташат серепчилер. Анткени кыргыз тилдүү гезиттерде бирөөлөрдү жамандап, алардын кылыгын алып чыкканга көбүрөөк басым жасалууда. Алар саясый буйрутма экени ачык көрүнүп турат. Негизи ар бир гезиттин ээси, саясый көз караштагы бизнесмен же саясатчы иштеп аткан журналисттерге буйрук берип, гезитти коммерциялык жагдайда колдонуу өнөкөт болуп кетти.

 “Фридом Хаус” эл аралык уюмунун баяндамасы 3-майда белгиленчү эл аралык Басма сөз эркиндигинин күнүн утурлай жарыяланды. Ага ылайык, Кыргызстан Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан ат чабым алдыда турат. Баяндамада жалпысынан дүйнөдө басма сөз эркиндиги кескин төмөндөгөнү белгиленет. Рейтингге кирген 199 өлкөнүн ичинен 63 мамлекет эркин, 71 өлкө жарым-жартылай эркин деп табылса, 65 өлкө эркин эмес өлкө катары бааланган.



Новости по дате