http://www.ktrk.kg/Экологиялык акциянын жыйынтыгында 900 миң тонна таштанды чогултулду

Экологиялык акциянын жыйынтыгында 900 миң тонна таштанды чогултулду

2 Окт , 15:43 29

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

21-сентябрдан тартып жүрүп жаткан экологиялык акцияга Кыргызстан боюнча жалпы алты жүз миңден ашуун ыктыярчы катышты. Натыйжада, 900 миң тонна таштанды чогултулду. Бул тууралуу маалымат жыйынында "Эко Деми" коомдук фондунун жетекчиси Айжан Чыныбаева билдирди. 

Анын айтымында, ишембиликке калктын 20%ы чыккан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп. Катышуучулар бир гана таштандыларды чогултпастан аны бөлүштүрүүнү да үйрөнүштү. Чогулган таштандылар "Тазалык" ишканасына өткөрүлүп берилди.

"Биз эки жыл аралыгында өнөктөштөр, жаштар кыймылдары менен иштеп келүүдөбүз. Бул жолку иш-чарага 1,5 жаштагы баладан тарта 82 жаштагы улгайган адамдарга чейин катышты. Былтыр мамлекеттик кызматкерлер жардам берсе, быйыл ишкерлер, студенттер, мектеп окуучулары, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, дыйканчылык менен алектенгендер да биздин катарга кошулду",- деди "Эко Деми" коомдук фондунун жетекчиси Айжан Чыныбаева. 

Новости по дате