http://www.ktrk.kg/Журналисттердин коопсуздугу сакталбай келет

Журналисттердин коопсуздугу сакталбай келет

4 Май 2016 , 9:27 1137

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл башынан бери дүйнө жүзү боюнча 40 журналист өлтүрүлгөн. Мындай маалыматты сөз эркиндигинин жана журналисттердин укуктарынын бузулушу жөнүндө маалыматтарды чогулткан өкмөттүк эмес Press Emblem Campaign уюму жазгандыгын РБК кабарлады.

Маалыматка таянсак, журналисттер үчүн Ирак, Ливия, Сомали, Сирию жана Йемен кооптуу мамлекеттер. Бул өлкөлөрдө куралдуу кагылышуулар - жарандык каршылашуу, же террордук уюмдар менен согушуу жүруп жатат. Уюмдун буга чейин маалыматы боюнча өткөн жылы 33 өлкөдө 135 журналист өлтүрулгөн. 

Press Emblem Campaign террордук актылар жана террорчулар менен согуш дүйнө жүзүндө күч алаарына тынчсызданып, мындай болгон шартта дагы көптөгөн журналисттер өлтүрүлүп, жаракат алып, уурдалып же барымта алуулар көбөйөт деген божомолун жазган. Уюм журналисттердин иши барган сайын татаалдашаарын жана сөз эркиндиги чектелээрин билдирет.



Новости по дате