http://www.ktrk.kg/Кой-Таштагы окуя боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

Кой-Таштагы окуя боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

3 Окт 2019 , 10:11 126

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү кезектеги жыйынын өткөрүштү. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, өткөн жумада комиссиянын өкүлдөрү менен Кой-Таш айылынын жана бир катар жакынкы айылардын жашоочуларынын жолугушуусу өттү. 

Андагы окуялар тууралуу маалыматтар, даттануулар, сын-пикирлер жана сунуштар угулду . Вице-премьер-министр билдиргендей, 15-октябрда Мамкомиссиянын иш мөөнөтү аяктайт. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, бул окуяда жаракат алган жарандарга көрсөтүлгөн медициналык жардам тууралуу билдирди. 

Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Метеров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскердик-медициналык кызматынын жетекчиси Назира Жанакеева маалымат беришти. ИИМдин атайын багыттагы полкунун жетекчиси Аскат Султаналиевдин маалыматын угушту.

"7-8-октябрь күндөрү Бишкек жана Чуй облусунун ооруканаларына ар түрдүү жаракат менен 139 адам тушкөн. Мындан 50 адам укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Бардык кайрылгандар керектүү медициналык жардам алышкан",- деди Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев. 

Новости по дате