http://www.ktrk.kg/Айтматовдун Шекер айылына Германиядан окурмандар келишти

Айтматовдун Шекер айылына Германиядан окурмандар келишти

3 Окт , 22:36 84

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Шекер айылына Германиядан окурмандар келишти. Алардын арасында Айтматов таануучулар, журналисттер, адабиятчылар жана жазуучунун чыгармаларын аздектеген окурмандар болду. 

Белгилей кетсек, Таластагы Шекер айылына жылына 2 минден ашуун турист келет. Мында Күркүрөө маданият үйүнүн экинчи кабатында Чыңгыз Айтматов жана анын атасы Төрөкул Айтматовго арналган музей уюштурулган. Келгендер мындан жүздөгөн түрлүү фото-сүрөттөрдөн турган даректүү архивдерди көрө алат. Андан тышкары, Тургунбай Садыковдун кол эмгегинен жаралган каармандардын айкелдерин, Ысмайыл жашынган үнкүр, бото көз булак, биринчи мугалимдин, Алтынайдын теректери бар. Алыстан келген коноктор мындан бир канча алыс Маймак станциясын көрүү үчүн да барышат.

Новости по дате