http://www.ktrk.kg/ММК: натыйжалуу кызматташуу, коркунучтардын алдын-алуу боюнча жыйын өттү

ММК: натыйжалуу кызматташуу, коркунучтардын алдын-алуу боюнча жыйын өттү

7 Окт , 10:58 46

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаарында Массалык маалымат каражаттарынын өз ара натыйжалуу кызматташуу, такталбаган, жалган маалыматтарга каршы аракеттенүү жана экстремизм менен радикализмдин алдын алуу маселелери боюнча экинчи Координациялык жолугушуусу болуп өттү. 

Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен, мамлекеттик органдардын, Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Анда адистешкен, кесипкөй журналисттерди даярдоо, социалдык тармактарда жалган маалыматтардын таралышына туруштук берүү, калктын медиа сабаттуулугун жогорулатуу, сынчыл мүнөздөгү ой жүгүртүүлөргө каршы турууда сунуштарды иштеп чыгуу зарылдыктары талкуланды. Мындай мазмундагы координациялык жолугушуу буга чейин Бишкекте өткөн.

"Жогоруда көтөрүлгөн маселелер жеке эле Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнө коомчулугунда көйгөйлүү маселеге айланды. Айта кетүүчү нерсе, коомдо такталбаган жалган маалыматтарды таратып, калктын тынчтыгына бүлүк салгандар үчүн бизде атайын мыйзамдар иштейт. Бирок, ал мыйзамдар эл арасындагы медиа сабаттуулукту жоюуга жакшы таасирин бербей келет. Ушул себептүү, биздин кызмат келерки жылдан тартып, калктын калың катмарына жете турган маалыматтык компанияны ишке киргизүүнү мерчемдеп жатабыз",- деди Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Салкын Сарногоева. 

"Айрыкча, улут аралык маселелерде, чыр чатакка чакырган, регионализмге байланышкан туура эмес маалыматтарды чыгаргандарга катуу чара көрүш керек. Адистешкен журналисттерди даярдашыбыз керек",- деди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов. 

Новости по дате