http://www.ktrk.kg/Көмүр казуучу компаниялардын ишин көзөмөлдөө тапшырмасы берилди

Көмүр казуучу компаниялардын ишин көзөмөлдөө тапшырмасы берилди

7 Окт , 16:50 237

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусунун Кадамжай районундагы шахтыда катталган кырсык көмүрдү мыйзамсыз казуудан пайда болгон. Ал эми Лейлек районунда болсо, көмүр казууга лицензия алган компания тараптан коопсуздук талаптары одоно бузулгандан келип чыкты. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришкендей, дем алыш күндөрү Баткенде удаасы менен эки кырсык катталды. Шахтыда иске ууланып каза болгон 6 жарандын үчөө бир тууган болгон.   

Маалыматтага караганда, облустун аймагында союз мезгилинде көмүр казуудан калтырылган шахтылар көп. Жыл сайын бул жерлерден күз-кыш мезгилдерине карата  мыйзамсыз кара алтынды  казуу иштери жүрүп, арасында иске уулануудан каза тапкандар көп катталат. Былтыр Кадамжай районунда 2 адам набыт кетсе, Баткен районунда 2017-жылы 3 адам көз жумган. 

Жергиликтүү бийлик тургундарга эскертүү, түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келгени менен  жарандардын өзүн билемдиги адам өлүмүнө  алып келип жатканы билдирилет маалыматта. Бул боюнча Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жыйын өткөрүп, анда көмүр казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүчү натыйжалуу чараларды жүзөгө ашыруу тапшырмасын берди.

Тиричилик муктаждыгы жыл сайын Баткен облусунда адам өлүмү менен коштолуп келет. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, кырсыктын бардыгына көмүрдү мыйзамсыз казгандар өзү айыптуу. Эч кандай түшүндүрүү, көзөмөл иштери аларга жардам бербей келет. Аягы адам өлүмү менен коштолгон фактылар дагы аларга сабак боло албады.

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациянын башчысы, акимдин 1-орун басары  Абдыманап  Жакбаровдун маалыматын өкмөттүн Баткен облусу боюнча  ыйгарым өкүлүнүн биринчи орун басары Кеңеш Салихов тастыктайт. Анын айтуусуна, облустун аймагында көмүр шахтылар айылдан алыс жайгашкан. Тыюу салынган жерлердин арасында уруксат берилгендери дагы бар. Лейлектеги обьекттин лицензиясы болгон.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Жолдошбек Жунушов кошумчалагандай, Кадамжайда мыйзамсыз көмүр казуу иштери боюнча тиешелүү кызматтардын жоопкерчилиги жогору. Анын ичинде экотехинспекция дагы бар.

Экспреттердин баамында, жыл сайын кайталанган кырсыктар бүгүнкү күндө тоо кен тармагында иш начар жүрүүдө дегенди түшүндүрөт. Аталган тармактагы кесипкөй адистердин жоктугу, жетекчиликтин ишти жөндөй албаганы анын башкы себеби.

Кыргызстандагы тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев өлкөдө тоо кен тармагында аткарылып жаткан жумуштарды ирээтке келтирүү боюнча атайын жыйын өткөрүп, катуу талап коюп жатканы менен аткаруу бийлиги тарабынан буга жеткиликтүү маани берилбей келет.

Ал арада премьер-министр адамдардын өлүмүнө алып келген Баткен облусундагы шахтадагы кырсыкка байланыштуу жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга адам өлүмүнө алып келген кырсыктын себебин караштырып, ишти тартипке келтирүүнү жана мындай окуялардын кайталанбашы үчүн керек болсо катаал чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. 

Мындан сырткары, көмүр казган компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүчү натыйжалуу чараларды жүзөгө ашыруу тапшырмасын берди.

Новости по дате