http://www.ktrk.kg/Кыргыз радио бирикмесинин 85 жылдыгына карата 2 күн, 2 түн "Манас" айтылат

Кыргыз радио бирикмесинин 85 жылдыгына карата 2 күн, 2 түн "Манас" айтылат

6 Май 2016 , 2:49 4359

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз радио бирикмесинин 85 жылдыгына карата, "Манас" айтуу иш-чарасы башталды. Анын алкагында төрт манасчы Кыргыз радиосунун толкунунда түз эфирде эки күн, эки түн тынбай "Манас" айтышат. 

“Саякбай” коомдук фондусунун демөөрчүлүгү астында өтүп жаткан саамалык, элдин руханий байлыгын байытууга жана Манасты жайылтууга багытталган. 

Түз эфир таңкы саат алтыда, алтын фонддо жазылып калган спектакль менен башталган. Андан соң Саякбай Каралаевдин айтуусундагы Каныкейдин Тайторуну чапканы бөлүгү угармандардын назарына сунушталды. Ал эми иш чаранын расмий ачылышы күн аркан бою көтөрүлгөндө орун алып, ага кыргыздын залкар инсандары катышты.


Жарым сааттан ашык талкууда эгемендик алгандан тарта, Манас эпосуна жасалган мамиле талкууга алынды. Катышуучулар улуу эпоско дал ушундай иш чаралардын көбүрөөк өткөнү кайрадан жан киргизип, келечек муундарга таалим берип тураарын белгилешти.

Иш чараны расмий ачып бергендер, манасчыларга бата берген соң түз эфирдеги манас айтуу башталды. Таланталы Бакчиев, Рыспай Исаков, Дөөлөт Сыдыков жана Улан Исмаиловдор эми эки күн, эки түн бою бири бүтүргөн жеринен экинчиси улай айтышат.

Негизинен иш чараны уюштуруу демилгесин Кыргыз радиосу көтөрүп, Саякбай коомдук фондуна сунуштаган. Аталган фонд демөөрчүлүк жагын колго алып, иш чара кыргыз радио бирикмесинин
 85 жылдыгынын алкагында өтүүдө.

Манас эпосу дүйнөдө ыр сап түрүндөгү чыгармалардан көлөмү жагынан биринчи орунда турат. Анан да бул ооз эки өнөрдө ар бир Манас айтуучунун өзүнчө вариантты бар. 







Новости по дате