http://www.ktrk.kg/ЖЭБдеги модернизациялоо иши: Сот айыпталуучуларды 12-декабрга чейин камакта калтырды

ЖЭБдеги модернизациялоо иши: Сот айыпталуучуларды 12-декабрга чейин камакта калтырды

7 Окт , 21:18 84

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттук териштирүү улантылды. Бул кылмыш иши боюнча айыпталып жаткандарды УКМКнын тергөө абагында 12-декабрга чейин калтыруу тууралуу бөгөт чарасы каралды. Эскерте кетсек, бул чуулгандуу окуя боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон бир катар аткаминерлерге кылмыш иши козголуп, сотко өткөн. 

Буга чейин ЖЭБ иши боюнча келтирилген зыянды эсептеп чыккан эксперттерди сотко чакырууну айыпталуучулардын адвокаттары да өтүнүшкөн. Аны ишти карап жаткан судья колдоп, адвокаттар өздөрү эксперттерди сотко алып келиши керек экенин билдирген. Серепчилер жактоочулар зыян кандайча эсептелгенин тактоого кызыкдар болушу ыктымал деген пикирде. Отун энергетика адиси Расул Умбеталиев зыяндын баары ийне-жибине чейин аныкталган, бул жөн гана убакыт созуу аракети деп билдирди.



Новости по дате