http://www.ktrk.kg/“Түндүк” тутумунун артыкчылыгы

“Түндүк” тутумунун артыкчылыгы

7 Окт , 21:51 82

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандагы дээрлик бардык мамлекеттик мекемелер учурда “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борборуна кошулууда. Анын ичинен 34 министрлик жана ведомстволор өз ара маалымат алмашууда. Ушул кезге чейин 5 млндон ашык маалымат алмашылды. Бул биринчиден жарандардын убактысын үнөмдөсө, экинчиден кагаз түрүндөгү маалым каттардын санын азайтты. 

Учурда мамлекеттик мекемелер менен кат алмашуу процессин ийгиликтүү жүргүзүп жаткандардын катарында Социалдык өнүктүрүү министрлиги бар. Мекеме "Түндүк" электрондук тутумуна кошулганына көп убакыт боло электигине карабай, бир жумада 50 миңге жакын маалыматтарды электрондук түрдө алмашууда. Жарандар жөлөк пулдарды алууда эми топ кагаздарды топтоп, убара тартышпайт. 

“Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун ишке киргенине 1,5 жылга жакындап калды. Бул убакыт ичинде жүзгө жакын мамлекеттик мекеме системага кошулуп, анын ичинен 34ү өз ара маалымат алмашып жатат. Социалдык өнүктүрүү министрлигинен сырткары Мамлекеттик каттоо кызматынан, Социалдык фонддон, Салык кызматынан, Ветеринарык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциядан алынуучу маалыматтар автоматташтырылган. 

“Түндүк” тутумунун алкагында жыл соңуна чейин 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондук ыкмага өткөрүлүшү керек. Мамлекеттик мекемелерде маалымат алмашуу электрондук ыкмада жүрүп, буга чейин кагаз түрүндөгү 11 маалым кат жокко чыгарылса, жыл соңуна чейин маалым каттардын дагы 19 түрү жоюлат. 

Учурда “Түндүк” тутумунун ишин жакшыртуу аракеттери уланууда. Негизи жаранга мамлекеттик мекемелерден талабына жараша жалпы 160тан ашык маалым каттар берилет. Алдыдагы тапшырма - бардык маалыматтарды электрондук ыкмада иштетип, кагаз жумуштарынан биротоло арылуу. Бул бюроктратиялык көрүнүштөрдү, коррупцияна алдын алып, адамдын аң сезимин өзгөртүүгө жана өнүгүүгө өбөлгө болот. 





Новости по дате