http://www.ktrk.kg/Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлердин соту уланды

Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлердин соту уланды

8 Окт , 9:24 40

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда өтүп жаткан мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отуруму уланды. Анын жүрүшүндө ТВЕА компаниясынын өкүлү Мусажан Макелекти сот отурумуна мажбурлап алып келуу тууралуу чечими чыкты. Мусажан Макелек Кулматов шаардын мэри болуп турганда Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу боюнча күбө катары чакырылып жаткан. 

Макелек ошондой эле, Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция фактысы боюнча айыпталып, былтыр камакка алынган. Кийинчерээк анын иши өзүнчө бөлүнүп, үй камагына чыгарылган. Андан бери Мусажан Макелектин кайда экени белгисиз. Айрым маалыматтар боюнча ал өлкө аймагынан чыгып кеткен. 

Тергөөнүн версиясы боюнча Кулматов 2014-жылы ТВЕА компаниясы эки мектептин курулушуна берилген 2 млн. доллар грант акчаны мыйзамсыз пайдаланган. Бишкектин дагы бир мурдагы мэри Албек Ибраимов "Дастан" ишканасынын мүлктөрүн орунсун жок кылган деп айыпталууда.


Новости по дате