http://www.ktrk.kg/Жол коопсуздугун камсыздоочулар бир катар милдеттерден бошотулду

Жол коопсуздугун камсыздоочулар бир катар милдеттерден бошотулду

8 Окт , 13:31 79

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жол коопсуздугун камсыз кылган кызмат адамдары функцияларына туура келбеген бир катар милдеттерди аткаруудан бошотулду. «Жолдо жүрүү эрежелерин жана транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболорду бекитүү тууралуу» токтомго Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Документтин актуалдуулугу өлкөдө жол коопсуздугу тутумун реформалоого шартталган. Ага ылайык, ички иштер тармагындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери транспорт каражаттарынын айдоочуларынан салыктын төлөнгөнүн тастыктаган же аны төлөөдөн бошотулганын күбөлөндүргөн документти текшерүүгө укугу жок. 

Ошол эле маалда жол кыймылынын эрежелерине 12 жашка чейинки курактагы балдарды ташууга тыюу салган нормалар кошулду. Ага ылайык, өспүрүмдөрдү мотоциклдин арткы отургучунда, борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда, баланын боюна жана салмагына шайкеш болгон балдарды карматуучу атайын түзүлүш жок болгон учурда жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда ташууга тыюу салынды.

Новости по дате