http://www.ktrk.kg/“Кара-Кече” көмүр кенине видеокамералар орнотулду

“Кара-Кече” көмүр кенине видеокамералар орнотулду

8 Окт , 13:55 18

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Кара-Кече” көмүр кенине 24 видеокамера орнотулду. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасынын жетекчиси Канатбек Ашырбаев билдирди. Иш - аракеттер Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында жүргүзүлүүдө. 

Учурда кенди онлайн тартибинде иш бөлмөдөн эле көзөмөлдөөгө болот. Азыркы күндө аталган кендеги чаржайыт көмүр сатуу бир калыпка түшүп, башаламандык иретке келген. Мындан тышкары, видеобайкоону мекеменин сайтына жайгаштыруу планы бар. Буга чейин “Кара-Кече” көмүр кенине 80 тонналык 2 электрондук тараза орнотулган.

Камераларды азыр биз онлайн аркылуу карап, ал жактагы ишти кандай жүрүп жатканын көзөлдөп турабыз. Бул бизге абдан ыңгайлуу болду,- дейт "Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев. 

Новости по дате