http://www.ktrk.kg/Алга Кылычев мурдагы президентке каршы көрсөтмө берүүдө

Алга Кылычев мурдагы президентке каршы көрсөтмө берүүдө

9 Окт , 9:27 102

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев мурдагы президентке каршы көрсөтмө берүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жактоочуга шилтеме жасап билдирген. Маалыматка караганда, ал КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө берген. 

Ошондой эле ал Атамбаев бийликти басып алып, төңкөрүш кылууну каалаганын айткан. Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Кылычовдун иши тергелип бүтүп, тиешелүү органдарга өткөрүп берилгенин, бул боюнча эч кандай комментарий бере албай турганын билдирген. 

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук боюнча айыпталууда. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынган.


Новости по дате