http://www.ktrk.kg/Армен Гаспарян: "Учурдагы радионун арышы алдыда карай катуу кетти"

Армен Гаспарян: "Учурдагы радионун арышы алдыда карай катуу кетти"

6 Май 2016 , 11:18 1282

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүнкү Кыргыз радио бирикмесинин 85 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан, "Радио санариптик технологиялар доорунда" аттуу медиа форумга чет жерден келген өкулдөр дагы белгиленген теманын тегерегинде ой-пикирлерин билдирип жатышты. 

Алардын бири "Sputnik"  Эл аралык маалымат агенттигинин жана радиосунун шеф продюсери Армен Гаспарян аталган агенттиктин ыкчам ишмердүүлүгүнө токтолуп, өзгөчөлүктөрү менен тааныштырып кетти.  

Келечекте радио тармагы кандай өнүгөт, жаңы медианын эфирге тийгизген таасири. Мына ушул теманын алкагында талкууга катышкан ал, акыркы жылдардагы радио тармактарында болуп жаткан өсүүлөргө, кадамдарга басым кылды. 

Учурдагы радионун кадамы алдыга карай катуу ылдамдыкта кетип жаткандыгын жана көпчүлүк радио тармактары ТВ версияларын дагы колдонуп калышкандыгын кошумчалады. Ал эми, санариптик технологиядагы радиодо коомдук ишмерлер, жазуучулар жана журналисттер негизги каармандарга айлангандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн борбор калаада Кыргыз радио бирикмесинин 85 жылдыгына арналган Эл аралык медиа форум уюштурулуп, түз эфирде коомчулукка тартууланды. Даталуу күнгө байланыштуу КТРК тарабынан буга чейин дагы бир канча иш-чаралар уюштурулуп, кечээтен бери Кыргыз радиосунун түз уктуруусунда 2 күн, 2 түндүк "Манас" айтуу иш-чарасы улантылууда.























Новости по дате