http://www.ktrk.kg/Токтогул ГЭСи кыш айларына даяр

Токтогул ГЭСи кыш айларына даяр

9 Окт , 23:17 14

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Токтогул ГЭСи кыш айларына даяр. Гидроагрегат, трансформаторлор утурумдук оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлдү. Ушул күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17 миллиард метр кубдан ашат. Белгилеп кетсек, 2023-жылы Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жумушу аягына чыкса, өндүрүлө турган электр энергиянын көлөмү 1 миң 440 мегаваттга көтөрүлүшү күтүлүүдө. 

Токтогул ГЭСи - өлкөдөгү суу электр энергиясын өндүрүүчү, ошол эле учурда ирригациялык багыттагы эң ири стратегиялык объект. Нарын дарыясынын кууш жерине салынып, 44 жыл мурда пайдаланууга берилген. Төрт агрегаты бар, жалпы кубаттуулугу 1200 мегаватт. Жыл ичинде ГЭС болжол менен саатына 5 миллиард 804 миллион киловольт электр энергиясын иштеп чыгарат. 

Учурда Токтогул ГЭСинде алдыдагы 2019-жылдын күз-кыш айларына карата даярдыктар аяктаган. Агрегат, трансформаторлор толук кароодон өткөрүлгөн. ГЭСтин энергетиктери, алдыдагы кыш айларында электр энергиясынан эч кандай маселе жаралбай турганын убада кылышат.

Токтогул ГЭСинин ишке киргенине 40 жылдан ашты. Андыктан жаңылоого муктаж болгон бөлүктөр аз эмес. Алардын бири саркынды сууну тазалоочу жай. Быйыл ал толугу менен жаңыланып, март айынан бери автоматташтырылган негизде иштеп жатат. 

Ушул күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17 миллиард 261 миллион метр кубдан ашат. Ал эми секундасына агып келген жана агып чыккан суунун көлөмү теңделип, 285 метр кубду түзүүдө. Өткөн жылы ушул учурда агып кирген суунун көлөмү 260 болуп, ал эми чыккан суу 300 метр куб болгон. 

2015-жылы башталган Токтогул ГЭСин реконструкциялоо иши 2023 -жылы аякташы керек. 3 фазага бөлүнгөн оңдоо ишинин 1-этабы бүттү. Анда 500 киловольттук 4 трансформатор орнотулуп, 500 киловольттук чыңалуудагы чубалгылары алмаштырылды.

Андан сырткары, 1-фазада ГЭСтеги электр энергияны бөлүшүрүүчү борбордук түйүн жаңылаган. Бул жерден бөлүштүрүлгөн ток ГЭСтин өзүнө керектелет. Жаңы коюлан автоматтык өчүргүчтөр заман талабына ылайыктуу дешет адистер.

Реконструкциялоо иштери аяктаса өндүрүлө турган электр энергиянын көлөмү 240 мегаваттка көбөйүүсү күтүлүүдө. Бул иштер Токтогул ГЭСин модериназациялоо долбоорунун алкагында ишке ашууда, каражат Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн. 






Новости по дате