http://www.ktrk.kg/Ай-Ти (IT) тармагын өздөштүрүүнү көксөгөн жарандар көбөйүүдө

Ай-Ти (IT) тармагын өздөштүрүүнү көксөгөн жарандар көбөйүүдө

9 Окт , 22:34 35

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ай-Ти (IT) тармагын өздөштүрүүнү көксөгөн жарандар көбөйүүдө. Буга мамлекеттин өлкөнү санариптештирүүгө жасаган аракети да таасир берди. Заманбап технологиянын сырларын үйрөткөн атайын окутуулар жүргүзүлүп жатат. Бирок санарипти жалпы коомчулук текши колдонбой жатышы маселе жаратууда.

Жогорку технологияларды өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн атайын окутуулар уюштурулууда. Анда Ай-Ти тармагынын келечеги кең экенин сезген жаштар билим алып жатышат. Мунун сыры санариптин артыкчылыктары бардык тармактарда тамыр жайып жатканында.

Санарипти өнүктүрүүгө жасалган аракет Ай-Ти багытында билим алууну каалагандардын көбөйүшүн шарттайт. Себеби бул тармак адистерге муктаж.

Анткен менен санариптин артыкчылыктарына анын келечегин аңдап билгендер гана баа берип жаткандай. Аралыктан онлайн кызмат көрсөтүүлөрдү алууга жалпы калк текши көнбөй жатканы айтылып келатат. Электрондук капчык, электрондук кезекке туруу өңдүү түшүнүктөр менен тааныш эмес жарандар бар.

Калкка ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдү ачык-айкын жана жеткиликтүү кылуу үчүн бир катар чечимдер кабыл алынган. “Санарип Кыргызстан” концепциясында анын бардык багыттары камтылган. Бул үчүн жалпы өлкөнү байланыштын заманбап каражаты болгон сапаттуу интернет менен камсыз кылууга аракет көрүлүп жатат. Технология күн санап өнүгүп жаткан шартта кыргызстандык адистер да андан артта калбай, өздөштүрүп турушу шарт.




Новости по дате