http://www.ktrk.kg/Арабыздагы ардактуу ардагер

Арабыздагы ардактуу ардагер

7 Май 2016 , 3:57 1649

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

9-май Улуу Жеңиш майрамына саналуу гана күндөр калды. Бул датага карата берилип жаткан согуш ардагерлери тууралуу репортаждар түрмөгүн улантабыз. КАН: Бүгүнкү каарманыбыз Өзгөн районунда туулуп өсүп, бирок акыркы 10 жылдан бери Бишкекте жашап жаткан Иван Матухна. 

Калининграддагы салгылашууда граната ыргытып, душмандардын тосотун бир заматта тып-тыйпыл кылган Иван Матухна "Эрдик" медалдын эки жолку ээси. Ошол учурда артынан мина жарылып, сол далысына октун чачырандысы тийгенине карабай, берилген буйрукту так аткарган.

Эрдик каармандыгы үчүн офицер болгон Иван Терентьевич, азыр да бир үйдүн кол башчысы. Кызы жумушка кеткен соң, күйөө баласынынын бакчадагы ишин көзөмөлдөп, насаатын айтып турат. Анткени базардан сатып келгенге караганда, өз колуң менен багып өстүргөн жемиш таттуу болот дейт.

Тамакты мүнөздөп ичип, ар дайым көңүлү куунак жүргөн карыя 90дон ашып калса да баскан турганы тың. Кемпирин 10 жыл мурда жоготконуна карабай, азыр небере чөбөрөлөрүнө кадырлуу чоң ата болуп, кечкисин аларга китеп окуп берет.



Иван карыя үй-бүлөлүк сүрөттөрүн ушу кезге чейин сары майдай сактап келет. Себеби бул жерде анын жогорку окуу жайга тапшырганы баратып, капысынан жолугуп калган өмүрлүк жарынын сүрөтү да бар.

Согуштан кийин да Өзгөн районундагы Алга совхозунда бир топ жыл инженер болуп иштеген Иван Терентьевич, Чүй бооруна кийинчерээк гана көчүп келди. Учурда Ново-Повловка айылында кызынын колунда жашап жатат.




Новости по дате