http://www.ktrk.kg/Чет-Нур айыл өкмөтүнө бара жаткан жол качан оңдолот?

Чет-Нур айыл өкмөтүнө бара жаткан жол качан оңдолот?

11 Окт , 15:53 99

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын районуна караштуу Чет-Нур айыл өкмөтүнө бара жаткан жол кейиштүү абалда. Жолдун абалын ДЭУ ишканасы көзөмөлгө алган эмес. 

Бул жол менен аргасыздан гана жүрүшөт. Түрттүрүлбөй келгендиктен жол "шыйпыр" болуп калган. Жол көзөмөлдөөчү ишкана бир да жолу келген эмес. ДЭУ ишкананын кызматкерлери бир айда түртсө түртөт, түрпөсө жок.  Учурда жолдун абалы өтө начар. Жол министри ушул жолубузду оңдотуп берип койсо,- деген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, "Элдик репортер" рубрикасына Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате