http://www.ktrk.kg/Ош Улуттук драма театрында оңдоп түзөө иштери жүрүүдө

Ош Улуттук драма театрында оңдоп түзөө иштери жүрүүдө

14 Окт , 10:02 39

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындыгы Ош Улуттук драма театрында оңдоп- түзөө иштери жүрүп жатат. Иштин жүрүшү жана кандай аракеттер керек экендиги тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында таанышып чыкты.

Бүгүнкү күндө театр имараттын сыртын, өрт коопсуздугу, көрүүчү залдын желдеткичи, сахнанын механикалык жабдуулары, грим бөлмөлөр жана башка жабдууларды жаңылоого муктаж. Ремонт ишеринде жалпы 30 иш бөлмө оңдолот.

Учурда республикалык бюджеттен акча каражат каралып, театрларды этабы менен оңдоо иш аракеттери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында, Т. Абдымомунов атындыгы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга чейин Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улутук филармонаясында ремонт иштери аятаган. Ал эми кийинки этаптарда ремонт боло элек мекемелерге жүргүзүлмөкчү.

Эске салсак, С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрына республикалык бюджеттен 16 млн. сом акча каражат бөлүнгөн.



Новости по дате