http://www.ktrk.kg/А.Атамбаев радио станциялардын жетекчилерин куттуктады

А.Атамбаев радио станциялардын жетекчилерин куттуктады

7 Май 2016 , 7:10 1278

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент А.Атамбаев Радио жана байланыш кызматкерлеринин күнү алдында бир катар атамекендик радио станциялардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына илинди.

Жолугушууда өлкө башчы радио станциялардын жетекчилерин кесиптик майрамы менен куттуктап, чыгармачылык ийгилик каалады.

А.Атамбаев ыкчамдыгы жана кеӊири аймакка тарагандыгы менен радио башка жалпыга маалымдоо каражаттарынан айырмаларын, радио бүгүн бардыгына оңой жеткен маалымат каражаты болуп саналарын билдирди. 

Мамлекет башчысы калкты агартууда, жүрүм-турум маданиятынын деңгээлин жогорулатууда жана күчтүү, бакубат мамлекетти курууга көмөктөшүүдө  радионун өзгөчө ролун баса белгиледи.

«Силерден бир гана нерсени өтүнөм – чындыкты айткыла, Кыргызстанды, өз мекениңерди сүйгүлө. Мамлекеттик органдарды сындагыла, бирок башка өлкөлөр менен салыштырып сындагыла. Биз жана силердин угармандар соңку 5 жылда Кыргызстанда баарылап жеткен ийгиликтер менен сыймыктана турган нерселер аз эмес. Эң алыскы конуштардын тургундары радио аркылуу эң биринчи маалыматтарга ээ болушат. Атамекендик радиолордун көп кырдуу программалары аркылуу өлкөдөгү жана сырткары жерлердеги окуялар тууралу маалымат гана албастан, билимий жана маданий чыгармалар менен таанышып, классикалык берүүлөргө ортоктош болуп жатабыз», - деди Алмазбек Атамбаев.


Жолугушууга КТРКнын «Биринчи радио», «ЭлТР» МТРКнын «ЭлФМ», «Тумар», «Санжыра», «Европа» жана «Марал» медиатопторунун жетекчилери катышты. Аларга мамлекет башчы жаңы радио долбоорлорду колдоо иретинде акчалай сертификаттарды тапшырды.

Новости по дате