http://www.ktrk.kg/Балдардын коопсуздугу - келечектин коопсуздугу

Балдардын коопсуздугу - келечектин коопсуздугу

14 Окт , 11:06 87

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу максатында Ички иштер министрилигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте “Балдардын коопсуздугу - келечектин коопсуздугу” аттуу акция өткөрүштү. Бул иш-чаранын алкагында жол эрежелери боюнча үйрөтүүчү оюн-зоок программалары уюшулуп, флэш-моб, ыр, бий менен коштолду. Жол коопсуздугунун кызматкерлери ата-энелер менен алардын балдарына жолдо жүрүү эрежелерин ар кандай кырдаалдар аркылуу көрсөтүп беришти.Эгерде жарык чыгаруучу элементтер балдарыбыздын кийимдеринде болсо, аларды жол транспорт кырсыгынан коргойт. Айрыкча бул элементтер биздин айдоочуларга көрүнүп турат. Балдарга жол эрежелерин түшүндүрүү менен бирге, биз алардын өмүрүн сактоого тийиштүүбүз. Бул абдан маанилүү,- деди ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Оторов. 

Новости по дате