http://www.ktrk.kg/Турак жай насыясынын үстөгүн 6 пайызга түшүрүү талабы коюлду

Турак жай насыясынын үстөгүн 6 пайызга түшүрүү талабы коюлду

15 Окт , 16:46 147

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жеткиликтүү турак жай программасынын 2025- жылга чейинки стратегиясы иштелип жатат. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Республикада жарандардын узак мөөнөттүү турай жай насыясы үчүн керектүү шарттарды түзүнү жеңилдетүү үчүн үстөгүн 6 пайызга чейин түшүрүүнү талап кылууда. 

Белгилей кетсек, 2016-жылы арзан турак жайдын пайызы 12-14%дан берилсе, 2019-жылы 6-8% дын тегерегинде болуп жатат. Бул туурасында Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрагасынын орун басары Усенакун уулу Нуржигит “Биринчи радиого” билдирди.

Кошумчалай кетсек, МИК уюшулгандан тартып 2019-жылга чейин республикалык бюджеттен 4,2 млрд. сом бюджеттик насыяга бөлүнгөн. Муну менен катар «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК жүгүртүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен ипотекалык насыяга дагы 1 089,9 млн. сом берген.

Новости по дате