http://www.ktrk.kg/Өлкөнү санариптештирүүдө  ири долбоорлор ишке киргизилип, өз натыйжасын берүүдө

Өлкөнү санариптештирүүдө ири долбоорлор ишке киргизилип, өз натыйжасын берүүдө

15 Окт , 21:19 33

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган негизги кадамдардын бири- санариптештирүү. Бул багытта ири долбоорлор жана программалар ишке киргизилип, өз натыйжасын берүүдө. Анын бири 2023-жылга чейин ишке ашырылуучу “Санарип Кыргызстан” концепциясы. 


Мунун алкагында, борбор калаада жана өлкөнүн аймактарында жаңы санарип технологиялар ишке киргизилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр электрондук ыкмага өткөрүлүүдө. Жаңы калкты тейлөө борборлорунун ачылышы мурдагыдай кезек күтүүлөрдү, бир мекемеден экинчисине кагаз ташыган көрүнүштөрдү жокко чыгарды. 



Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагындагы негизги иштердин бири - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түргө өткөрүү болду. Ага ылайык, жыл соңуна чейин 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондоштурулууда. 


“Түндүк” электрондук маалымат алмашуу системасы аркылуу алмашылган ар бир маалымат автоматтык түрдө маалымкат, отчет катары сакталып, аларга кандайдыр бир өзгөртүү киргизүүгө бөгөт коёт. Мындай жол менен документ же маалымкаттарды жасалмалап коюу деген түшүнүк жоюлат. Адистердин эсеби боюнча бул тутум жылына казынага 300 млн доллар үнөмдөөгө шарт түзөт.


Ал эми “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргизилгени өлкөдө жол кырсыктары кескин кыскарып, адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар азайып жатканы айтылууда.

Новости по дате