http://www.ktrk.kg/Кыргызстан  Улуу Жеңиштин 71 жылдыгын белгиледи (жаңыланды)

Кыргызстан Улуу Жеңиштин 71 жылдыгын белгиледи (жаңыланды)

9 Май 2016 , 3:07 4170

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан бүгүн Улуу Жеңиштин 71 жылдыгын белгилөөдө. Борбордогу Жеңиш аянтындагы эскерүү иш-чарасына бүгүн таңдан ардагерлер, бийлик өкүлдөрү, бир нече өлкөлөрдүн элчиликтеринен өкүлдөр жана шаар тургундары менен меймандары чогулушту. 

9-май күнүнө арналган митинг-реквиемге Президент Алмазбек Атамбаев катышып, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгондорду эскерип, түбөлүк өчпөс отко гүлчамбар койду. 

Андан соң өлкө башчы Жеңиш майрамында сөз сүйлөп, канча жыл өтсө да, 9-май - Жеңиш күнү биз үчүн эң ыйык майрамдардын бири экенин белгиледи. 

“Биз бүгүн эл-жерибизди баскынчылардан коргоп калган, согушта жана оорукта жеңишке салым кошкон ардагерлерге башыбызды ийип, таазим кылып турабыз. Бүгүн эскерүү жыйынга келген ардагерлердин катарын карап, көзүбүзгө жаш келет. Тилекке каршы, төшүнө орден-медалдар толо, арабызда жайкалып турган карыяларыбыздын катары күн сайын суюлуп баратат”,- деди өз сөзүндө өлкө башчы Алмазбек Атамбаев. 

Эски аянтта өткөн митинг-реквием Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн аскердик парады менен коштолуп, андан соң ардагерлерге салт болуп калгандай 100 граммдан арак, кара нан жана аскердик ботко берилди. 

Бүгүнкү жеңиш майрамын Кыргызстанда 821 ардагер белгилеп жатат. Былтыр алардын саны 1200гө жакын болчу. Бүгүнкү күндө согуштун катышкан ардагерлердин көбүнүн жаш курагы 90дон ашып калды. Мындан тышкары 7 миң 997 адам - ооруктун ардагерлери жана согуш майданына барып келгендердин жесирлери. Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган.




Новости по дате