http://www.ktrk.kg/Санариптештирүүнүн артыкчылыктары атайын конференцияда талкууланды

Санариптештирүүнүн артыкчылыктары атайын конференцияда талкууланды

16 Окт , 13:21 55

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаарында “Санариптештирүү: дүйнөдө жана бизде” аталышындагы конференция өтүүдө. Ага экс-президент Роза Отунбаева катышууда. Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата белгиленген иш-чаранын максаты - жергиликтүү бийлик органдарына дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы санариптик ачылыштар, технологиялар менен тааныштыруу, аймактын жашоочуларынын санариптик маалымдуулугун жогорулатуу. Конференциянын алкагында санарип тармагына ийгиликтүү алып бара жаткан бир катар компаниялардын иш тажрыйбалары сунушталып, үлгү сабактар өткөрүлөт. Иш-чара 17-октябрга чейин уланат.

Келечектин баары эле ушул интернет менен болуп калат окшойт. Врач керекпи, жумуш издесек да интернетке кайрылабыз. Мен мисалы алыскы айылда отуруп, шырдак жасасам, соода платформасына жайгаштырам, инстаграммга коюп эле сата алам. Өзүбүздүн үстүбүздөн иштешибиз керек. Технология абдан тез өнүгүп атат,- деди экс-президент Роза Отунбаева. 

Түндүк тутумуна 64 мекеме катталса, 32си активдүү иш алып барууда. 32 мекеменин 300дөн ашуун электрондук сервистери ишке кирди. Мамлекеттик органдар эмес, жеке ишканалардын саны 8ге жетти,- дейт Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин бөлүм башчысы Калыбек Акматов. 

Новости по дате