http://www.ktrk.kg/Экс-мэрлердин иши боюнча айыпталуучуларды суроо 18-октябрга жылдырылды

Экс-мэрлердин иши боюнча айыпталуучуларды суроо 18-октябрга жылдырылды

17 Окт , 9:48 41

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароодо күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү аяктады. Кийинки отурумдан баштап айыпталуучулар сурала баштайт. Жалпысынан бул соттук жараянда 13 адамдын жоопкерчилиги каралууда. Соттук териштирүүдө 80ден ашык күбө көрсөтмө берген. 

Эскерте кетсек, Кулматов "Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган" деп айыпталууда. Ибраимовго "Ысык-Көлдөгү "Күнөстүү жээк" пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген. "Дастан" ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деген айыптар коюлган. 16-октябрда өтүүчү кезектеги отурум эксперттердин жана жактоочунун келбегенине байланыштуу кийинкиге жылдырылды.

Селарев Батукаев ишине катышканына байланыштуу сот 18-октябрга жылдырылды,- деп билдирди Чүй облусунун прокурорунун орун басары Марат Абсатаров.

Новости по дате