http://www.ktrk.kg/Президент Жалал-Абад облусундагы бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент Жалал-Абад облусундагы бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

17 Окт , 14:19 147

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Кара-Тектир айылындагы «Аселим» тигүүчү цехтин ишмердиги менен таанышты. Мамлекет башчысына учурда ишканада 90 адам иштеп, өндүрүлгөн продукция Россияга экспортко кетип жатканы боюнча маалымат беришти. 

Өндүрүш линиясын кеңейтүү максатында жаңы объектини куруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер тилкесин бөлүп беришти, ошондой эле жеңилдетилген насыяны бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Президент аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын башкы багыттарынын бири - жер-жерлерде кичи жана орто ишкерликти колдоо болуп саналарын канааттануу менен белгиледи. Аймактардагы ишкердик демилгелерге бардык жагынан жардам көрсөтүүнүн өзгөчө маанисине токтолду. Ал мындай ишканалардын санынын көбөйүшү өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө жана жаңы иш орундарын түзүү аркылуу ички миграцияны азайтууга өбөлгө түзөрүн айтты. 

Президент аймактарда ишкердикти өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүү мындан ары дагы тиешелүү мамлекеттик органдардын ишмердигинин артыкчылыктуу багыты болуп каларын белгиледи. Ошондой эле, Мамлекет башчысы Токтогул районунун бал азыктарынын көргөзмөсүн көрүп чыкты. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен болгон баарлашуусунда ал атамекендик продукция өзүнүн сапаты жана экологиялык тазалыгы менен чет өлкөлүк рыноктордо атаандаштык түзө ала турганына токтолду.


Новости по дате