http://www.ktrk.kg/"Манас" эпосунун жыйнагы Латвия улуттук китепканасына берилди

"Манас" эпосунун жыйнагы Латвия улуттук китепканасына берилди

17 Окт , 13:44 31

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Латвиянын улуттук китепканасына "Манас" эпосунун Саякбай Каралаевдин айтуусундагы жыйнагын белек кылды. Рига шаарындагы белгилүү китепканада дүйнөнүн дээрлик баардык өлкөлөрүнөн чогултулган эки миллиондон ашуун китеп сакталат. Төрага китепкананын жамааты менен болгон жолугушууда, бул Латвия окурмандарынын руханий байлыгын арттыра турган баалуу белек экенине токтолду.

Биз кыргыз жеринен Латвия окурмандарынын руханий байлыгын арттыра турган баалуу белек ала келдик. “Манас” эпосу - кыргыз элинин баа жеткис мурасы, сыймыгы жана тарыхы. Байыртадан бери ооздон-оозго өтүп сакталып калган чыгарма сиздердин китепкананын фондун байытып, кадыр-баркын арттырат деп ойлойм,- деди Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков

Новости по дате