http://www.ktrk.kg/Кыргыз-тажик чек ара маселесинин чечилбей келишинин себеби эмнеде?

Кыргыз-тажик чек ара маселесинин чечилбей келишинин себеби эмнеде?

18 Окт , 9:55 119

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мындан ары чек ара маселесин чечүү багытында Баткен району жана Исфара шаарында атайын жумушчу топ түзүлүп, үзгүлтүксүз иш алып барат. Мындай чечим Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин жолугушуусунда  кабыл алынды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын делегацияларынын жетекчилери эки өлкөнүн чек ара аймактарында ишке кирген топографиялык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу аракеттеги жумушчу топтун алкагында иш жүргүзүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды да беришти. Деги эле эки өлкөнүн чек ара маселесинин чечилбей келишине эмне себеп болууда?

Президент  Сооронбай Жээнбеков 11-октябрда, Тажикстан Републикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүүну макулдашышкан. Ага ылайык 16-октябрда  вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен шаарында Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин, ошондой эле кыргыз-тажик Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки олконун Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жана укук иштери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду.  Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жолугушууда  кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги долбоордук сызыкты чийүүнү улантууну активдештирүү боюнча ар тараптуу пикир алмашуу болгондугун билдирди. 

Ал эми  Тажикстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим Баткен району жана исфара шаарында атайын жумушчу топ түзүлүп, үзгүлтүксүз иш алып бара тургандыгын маалымдады. Жумушчу топтун ишмердүүлүгү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди тез арада чечүү боюнча конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө багытталат.

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын делегацияларынын жетекчилери эки өлкөнүн чек ара аймактарында ишке кирген топографиялык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу аракеттеги жумушчу топтун алкагында иш жүргүзүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.

Эске салсак, чек ара боюнча Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган. Андан бери 17 жыл өткөнү менен маселе чечилбей келүүдө. Анын башкы себеби эки өлкөнүн жарандарынын үйлөрү шахмат түрүндө жайгашып калгандыгын айтып келишет. Ал тургай документтери да жок экендигин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сентябрь айында Баткен облусунун Максат айылынын жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирген.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен 970 киллометринен 519 чакырымы гана такталган. Калган жерлер делимитация боло элек. Кыргызстандын Тажикстандан сырткары Өзбекстан менен болгон чек арасы да тактала элек.  Ал эми Кытай, Казакстан менен чек аралар аныкталган.

Гулнура Сманбекова, “Биринчи радио”

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.



Новости по дате