http://www.ktrk.kg/Памирлик кыргыздарга жардам жеткирилди

Памирлик кыргыздарга жардам жеткирилди

18 Окт , 13:45 117

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Афганистандагы Кичи жана Улуу Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргызстандан гуманитардык жардам жеткирилди. Гуманитардык экспедиция памирлик кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуу мештери, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка эң керектүү болгон товарларды жеткирди. Бул үчүн өкмөт 5 млн. сом бөлгөн. 

Жалпы жүктүн салмагы 70 тоннаны түздү. Барган дарыгерлер андагы элди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып, катуу ооруп жаткандарга шашылыш жардамдарды көрсөтүштү. Гуманитардык экспедициянын мүчөлөрү Кичи жана Улуу Памирдин тургундары менен жолугушуу өткөрүп, Кыргызстанда балдарына билим берүү маселесин талкуулап, жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти. 

Памирлик кыргыздар Кыргызстандын бийлигине жана элине колдоо көрсөткөнү жана берген жардам үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Новости по дате