http://www.ktrk.kg/Май куюучу станциялардын ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүү тапшырмасы берилди

Май куюучу станциялардын ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүү тапшырмасы берилди

18 Окт , 13:34 75

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы өлкөдө инфраструктуралык, социалдык, өндүрүш объектилерин куруудагы жана колдонууга берүүдөгү талап кылынган нормалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалыматтарды угуп, мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

Ал абага чыккан зыяндуу заттарды азайтуу, ошондой эле билим берүү мекемелерин, бала бакчаларды жана ооруканаларды куруудагы көзөмөлдү күчөтүүнү активдештирүүнүн зарылдыгына өзгөчө басым жасады. Зыянсыз жана экологиялык жактан таза материалдарды колдонуунун маанилүүлүгүн айтты. Муну менен катар Премьер-министр экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо үчүн өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте май куюучу станциялардын ишмердүүлүгүнө комплекстүү анализ жүргүзүүнү тапшырды.

Новости по дате