http://www.ktrk.kg/Бишкекте айдоочулар жол эрежелери боюнча сынак тапшырышты

Бишкекте айдоочулар жол эрежелери боюнча сынак тапшырышты

21 Окт , 11:12 68

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаадагы муниципалдык автобустардын 343 айдоочусунун 188и жол эрежеси боюнча тапшырган биринчи экзаменде керектүү упай топтой алган эмес. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Ал эми 24 айдоочу билимин сыноого маанилүү себептер менен катыша алган жок. "Эки" деген баа алган айдоочуларга 15-16-октябрга чейин кетирген кемчиликтерин жоюп, кайрадан экзамен тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралган. 

Жыйынтыгында, бардык айдоочулар жол эрежелери боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырган. Бишкек мэриясы айдоочулардан тыкан жана оор басырыктуу болууну суранат. Ошондой эле, автобустардын ишине байланышкан маселелер болсо, 0312 коду менен 53 48 24, 53 18 17 номерлери аркылуу чалууну өтүнөт.

Новости по дате