http://www.ktrk.kg/"Китепкөй Жалал-Абад" аталышында фестиваль өттү

"Китепкөй Жалал-Абад" аталышында фестиваль өттү

22 Окт , 14:22 216

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад шаарынын Курманбек стадионунда "Китепкөй Жалал-Абад" аталышында фестивал өттү. Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, "Энелер мектебинин" негиздөөчүсү, педагог Гапыр Мадаминов, төкмө акын Идрис Айитбаев жана "Китепкөй Ала-Тоо" долбоорунун негиздөөчүсү катышып, жаштарды китеп окууга чакырып, кеңири баарлашуу болду. 

Фестивалдын алкагында ата-энелер, мугалимдер жана жалпы эле жаштарга багытталган түрдүү темаларда тренингдер, китеп окуу, ыр-бий, китеп жарманкеси жана оюн-зооктор уюштурулду. “Китепкөй өлкө" долбоорунун алкагында өткөрүлүп жаткан фестивалдын башкы максаты - жаштарды китеп окууга тартууну көздөйт. Иш-чарага 2 миңге жакын адам катышты.




Новости по дате