http://www.ktrk.kg/Экологияны коргоо боюнча долбоорлор "Кумтөрдүн" эсебинен каржыланат

Экологияны коргоо боюнча долбоорлор "Кумтөрдүн" эсебинен каржыланат

23 Окт , 10:31 135

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Экологияны коргоо боюнча долбоорлор "Кумтөрдүн" эсебинен каржыланат. Бул туурасында Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, Кыргызстанда айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду жана программаларды тандоого сынак комиссиясы түзүлгөн. 

Алар тандап алган долбоорлор кыргыз өкмөтү жана "Centerra Gold" компаниясынын ортосундагы стратегиялык макулдашуунун негизинде түзүлгөн Жаратылышты коргоо фондунун эсебинен каржыланат. Учурда фонддун эсебинде 57,4 млн доллар бар.

Новости по дате