http://www.ktrk.kg/Автобус айдоочуларынын теңинен көбү жол эрежелери боюнча сынактан өтпөй калды

Автобус айдоочуларынын теңинен көбү жол эрежелери боюнча сынактан өтпөй калды

23 Окт , 10:50 132

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы 400гө жакын автобус айдоочулардын теңинен көбү жол эрежелери боюнча өткөрүлгөн сынактан өтпөй калган. Кайрадан экинчи мүмкүнчүлүк берилип, алар учурда ишин улантып жатат,- деди Бишкек жүргүнчүлөр ишканасынан. Сынактан өтпөй калган автобус айдоочулары кандай суроолорго жооп бере албай калган? Эми жүргүнчүлөр үчүн автобуска түшүү кооптуу болуп калабы? 

Бишкек шаарындагы №42-автобустун айдоочусу Болот Балтаев айдоочулук боюнча 37 жылдык тажрыйбасы бар экенин айтат. Ал эми шаар ичинде автобус айдаганына 30 жылдын жүзү болуптур. Ал жакында эле өткөн айдоочулар үчүн өткөрүлгөн сынактан ийгиликтүү өткөнүн айтып, мындай текшерүүлөр көбүрөөк болуп турганы жакшы дейт. Анткени, ар бир айдоочу бардык жол эрежелерди так билүүсү зарыл экенин айтты.

Ошондой эле, сынактан өтпөй калган айдоочуларды уккандан кийин автобуска түшүү кооптуу болуп калдыбы деген суроолорго жооп ала алдык. Эске салсак, шаар бийлиги жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында муниципалдык айдоочуларды сынактан өткөрүшкөн. Анда 345 айдоочунун ичинен 188и тиешелүү балл ала алган эмес. Алар кайрадан сынак тапшырып, анан өткөндүгүн Бишкек жүргүнчүлөр ишканасынын эксплуатация бөлүмүнүн башчысы Сатыбалды Хакимов билдирген.

Бул өтпөй калган айдоочулар 2-3 суроого жооп бере албай калышы мүмкүн. Балким алар жаңылыштык кетирип алган же унутуп калган болушу ыктымал. Ошол себептен, экинчи мүмкүнчүлүк берилген болчу,- деди Сатыбалды Хакимов.

Жол коопсуздугу боюнча адистердин пикиринде, автобус айдоочуларын гана эмес, жалпы айдоо укугуна ээ болгон жарандарды кайрадан текшерип, экзамен алуу керек. Анткени бүгүнкү күндө жаңы эреже, белгилер кездешип жатат. Дагы бир мисал, айдоочуларга эл ташуу үчүн Д категориясына ээ болуу бүгүнкү күндө оңой олтоң болуп калды. Бул багытта окутуу жогорку деңгээлде болушу керектигин айдоочулар союзунун төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов билдирди. 

Белгилей кетсек, “Бишкек жүргүнчү автотранспорт” ишканасында бүгүнкү күндө жалпы 150 дөн ашык автобус иштеп жатат. Анда 350 айдоочу эмгектенет.

Урмат Жээнбеков,  "Биринчи радио"

 Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.


Новости по дате