http://www.ktrk.kg/Өлкө аймагында жол кырсыгынын саны өсүүдө

Өлкө аймагында жол кырсыгынын саны өсүүдө

29 Окт , 13:28 158

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйылкы жылдын 9 айында республиканын аймагында жол кырсыгы 12,3 пайызга көп катталды. Былтыр бул мезгилде 4179 жол кырсыгы болсо, быйыл анын саны 4694кө жеткен. Бул тууралуу Ички иштер органдарынын 9 ай аралыгындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиясында маалым болду.

Отурумда министр Кашкар Жунушалиев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердүүлүгүн катуу сынга алды.

“Алдын ала иш-чараларын өтө төмөн уюштургандыктан, жол кырсыктарынын саны өсүп жатат”, - деди министр.

Коллегиянын жыйынтыгы менен бир катар жетекчилерге эскертүү берилип, жыл жыйынтыгы менен алардын ишмердүүлүгү карала тургандыгы белгиленди. Ал эми Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчисине ээлеген кызмат ордуна ылайыксыздыгы эскертилип, кыска мөөнөттө ишти колго албаса, мындан да катуу чаралар көрүлө тургандыгы айтылды.

Новости по дате